Күн жылыйбы? Алдыдагы аптага аба ырайы

Синоптиктердин божомолуна караганда, келе жаткан апта жаанчыл болот. Тоолуу аймактарга кар түшүп, жолдор тайгак болору айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

13-19-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Талас облусу

Таласта дагы апта бою мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 13-15-мартта секундасына 15-20 метрге жетет.

Баткен, Ош жана Жалал-Абал облустары

Өлкөнүн түштүгүндө аба ырайы башка жактардагыдан көп айырмаланбайт. 13-марттан тарта дыйканчылык аймактарда мелгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу аймактарга кар түшүп, жолдор тайгак болот.

Ысык-Көл жана Нарын облусу

Бул эки облуста башка аймактардан айырмаланып дыйканчалык аймактарда дагы кар жаашы күтүлүүдө. Тагыраагы, 13-19-март күндөрү түздүктө жаан аралаш кар жааса, тоолуу аймактарда кар түшөт.
Жаз келди! Мартта аба ырайы кандай болот