КМШнын байкоочулары Түркмөнстандагы шайлоодон мыйзам бузуу тапкан жок

Шайлоо мыйзамдары бузулуп жатканы тууралуу жарандардан бир да кайрылуу же арыз түшкөн эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Түркмөнстанда өткөн президенттик шайлоодо мыйзам бузуу болгон жок. Бул туурасында КМШдан барган байкоочулар миссиясынын башчысы Леонид Анфимов мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.
Анфимов байкоочулар Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын чакыруусу менен 28-февралда барып, өлкөнүн президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү процессине мониторинг жүргүзүшкөнүн белгилеген.
"Биз өз функцияларыбызды эркин жана көз карандысыз аткардык. Түркмөнстандын мыйзамдарына жана Шериктештиктин алкагында кабыл алынган документтерге таянуу менен иш алып бардык. Шайлоо жакшы уюшулган тартипте тынч жана атаандаштык негизде өттү", — деди миссиянын жетекчиси.
Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулуп жатканы туурасында БШКга, укук коргоо органдарына, байкоочуларга бир да кайрылуу же арыз түшпөгөнүн айтты.
Ишемби күнү Түркмөнстанда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, ага калктын 97,12 пайызы катышты. Жалпысынан тогуз талапкер ат салышты, алардын бири учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов. БШК жети күндүн аралыгында добуштарды эсептеп, расмий жыйынтык чыгарат. Шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушуна ээ болгон талапкер жеңүүчү катары таанылат. Түркмөнстандын президенти жети жылдык мөөнөткө шайланат.
БШК Эльвира Сурабалдиевага Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшырды