БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүндө туризм гүлдөйт. Мындай божомолун Sputnik радиосуна Россиянын жүргүнчүлөр бирикмесинин төрагасы Илья Зотов билдирген.
Белгилей кетсек, Росавиация коронавирус пандемиясына байланыштуу сегиз мамлекетке каттаган авиарейсиерге киргизилген чектөөлөрдү алып салган. Бул мамлекеттерге Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Иран кирет.
Учуулар өкмөттөр аралык эки тараптуу келишимдин негизинде ишке ашары айтылган.
Зотов азыркы тапта эл аралык багыттар боюнча каттамдар кымбаттаганын айтып, мындан улам көпчүлүк КМШ өлкөлөрүнө агыларын божомолдогон.
"Менин оюмча, азыр КМШ мамлекеттерине бааларды болушунча арзаныраак кармоо тапшырмасы коюлат болушу керек. Качан гана жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйө баштаганда бир аз баа өсөт. Бир катар белгилүү эл аралык багыттар жабылгандыктан КМШга агылгандардын саны көбөйүп, ал жактарда ички туризм гүлдөсө керек", — деген ал.