Эксперт доллардын ордун алмаштыра турган валютаны атады

Адис экономикасынын кубаттуулугу боюнча дүйнөдө Америкадан кийин эле Кытай турарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Учурда өнүгүп жаткан негизги валюталардын бири кытай юаны болуп саналат. Бул туурасында "Прайм" агенттигине "БКС Инвестициялар дүйнөсү" компаниясынын фондулар рыногу боюнча эксперти Дмитрий Бабин билдирген.
Адис экономикасынын кубаттуулугу боюнча дүйнөдө Америкадан кийин эле Кытай турарын белгиледи. Ал сырткы соода жүгүртүү боюнча дагы экинчи орунду ээлейт. Эксперттин пикиринде, антироссиялык санкциялар жана көптөгөн компаниялардын кызматташуудан баш тартышынан улам Россия менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык алака кеңейтилиши күтүлүүдө. Бул учурда эсептешүүлөр юань жана рубль менен жүргүзүлөт.
"Биз Москва биржасында кытай юаны менен сооданын көлөмү кескин өсүп жатканын байкап жатабыз, бул анын ликвиддүүлүгүн жогорулатат. Андыктан мындай инструмент рубль менен сакталган каражатын узак мөөнөткө коргоого кызыккандарга гана эмес, кыска мөөнөттүү спекульяциялык операциялар үчүн кызыгууну жаратууда", — деди эксперт.
Ошондой эле Бабин юандын дагы бир артыкчылыгы Кытай менен соода жүгүртүүнүн көбөйүшүнөн улам дагы ликвиддүүлүгү өсөт деп эсептейт.
Ал эми кемчилиги Кытай экономикасынын товар экспорттоо жана серьё импорттоосуна өтө көз каранды болот. Мындан сырткары, геосаясий жактан да тобокелчиликтер бар, Кытай менен АКШнын эл аралык аренада тирешүүсү, ошондой эле Пекинге болгон аймактык дооматы да таасир этиши мүмкүн.
Андыктан эксперт юанды кыска жана орто мөөнөткө ылайыктап колдонууну, ал эми узак мөөнөткө сактоо үчүн швейцариялык франк жана япон йенин сунуштайт.
Кыргызстанда доллар сатууга тыюу салынышы мүмкүнбү? Улуттук банктын жообу