Радио

Жумалиев: эл каттоочу адистердин айлык акысына бюджеттен 321 млн. сом бөлүнгөн

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев эл каттоону жүргүзгөн адистердин айлык акысына бюджеттен 321 млн. сом бөлүнгөндүгүн айтты.
Sputnik
Эл жана турак жай фондун каттоо ишине 27 миң 899 адам катышат. Анын 24 миң 873ү эл каттоочу, 2 556 адам текшерүүчү жана координаторлордун саны 506ны түзөт. Бул тууралуу Зайнидин Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Эл каттоо-2022" өнөктүгү биринчи ирет электрондук форматта өтүп жаткандыктан, эл каттоочу адистерди окутууга маани берилди.
"Эл жана турак жай фондун каттоо — мамлекеттик деңгээлдеги чоң иш-чара. Бул жолку эл каттоо Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан берки убакта үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. КРдин биринчи эл жана турак жай фондун каттоосу 1999-жылы өткөрүлсө, экинчи эл каттоо 2009-жылы болгон. 2020-жылы пандемияга байланыштуу каттоонун мөөнөтү жылып калган. Быйылкы эл каттоонун уникалдуулугу электрондук форматта өтө тургандыгы болуп саналат. Андыктан адистерди окутууга маани берип, жогорку деңгээлде даярдандык. Эл каттоочу адистердин айлык акысына бюджеттен 321 миллион сом бөлүнгөн. Ага жалпы 27 миң 899 адис катышат. Анын 24 миң 873ү эл каттоочу, 2 556 адам текшерүүчү жана координаторлордун саны 506ны түзөт", — деди Жумалиев.
Ошондой эле адис эл жана турак жай фондун каттоодо жарандардын жеке маалыматтарынын купуялуулугу эл аралык стандартка жараша сакталарын айтты.