15-мартта Бишкектин кээ бир райондорунда ичүүчү суу өчөт

Муниципалитет келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаар тургундары менен коноктордон кечирим сурап, таза суу камдап алууну суранды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. 15-мартта ордо калаанын батыш тарабында ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
"Бишкек суу каналы" ишканасынын маалыматы боюнча, суу 15-мартта саат 9:00дөн 18:00гө чейин Абакан, Дэн Сяопин, Кустанай, Волковая көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймакта өчүрүлөт. Бул күнү "Киркомстром" суу кампасында оңдоо иштери жүргүзүлөрү айтылды.
Муниципалитет келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаар тургундары менен коноктордон кечирим сурап, таза суу камдап алууну суранды.
Бишкекте жылуулук берүү токтотулабы? Мэриянын жообу