БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкекте филармониянын камералык оркестри Голливуддун атактуу тасмаларындагы саундтректерди аткарат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
"Мыкты тасмалардагы мыкты музыка" аталышындагы концерт 25-26-март күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында өтөт. Иш-чара 18:30да башталат.
Көрүүчүлөргө популярдуу кинолордогу музыкалар тартууланат. Оркестрдин дирижеру КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нур Өмүрбаев болмокчу. Концерттерге Юлия Остапенконун жетекчилигинде Liberty камералык хору катышат.
Алгачкы жолу "Дюна", "28 жумадан кийин", "Матрица", "Интерстеллар" жана башка тасмалардагы саундтректер жаңырмакчы.