Бүгүн Бишкектеги базарларда жарманке өткөрүлүп, ун өз баасында сатылары айтылды

Депутат Ош менен Жалал-Абадда бир кап ундун баасы 1 650 сомдон, ал эми 5 литрлик өсүмдүк майы 650 сомдон сатыларын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бүгүн, 13-мартта, Бишкек шаарындагы ар бир базарга эки ун заводунун өкүлдөрү барып жарманке өткөрүп, унду өз баасында сатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
"Биз кечээ ун заводдорунун өкүлдөрү менен сүйлөштүк. Бүгүн, 13-мартта, Бишкек шаарындагы ар бир базарга эки ун заводунун өкүлдөрү барып, жарманке өткөрөт. Анда ун заводдон чыккан баа менен сатылат", — деген Төрөбаев.
Ал мындай иштер Ош менен Жалал-Абадда дагы уюштурула турганын билдирген.
"Ош шаарында "Мариям Ош" заводунда дагы ун заводдон чыккан баада сатылат. Бир кап алсаңар болот. Ал жерге өсүмдүк майын дагы уюштуруп бердик. Аны да завод баасында ала аласыздар. Жалал-Абад шаарында дагы ун, майды завод баасында сатууну уюштуруп берип жатабыз", — деди эл өкүлү.
Депутат видеокайрылуусунун алдына ун менен өсүмдүк майынын баасы тууралуу өзүнчө маалымат жарыялаган. Анда Ош шаарындагы "Мариям Ош" жана Жалал-Абад шаарындагы "Дан-Юг" заводдорунда бир кап ун 1 650 сомдон, ал эми 5 литрлик өсүмдүк майы 650 сомдон сатылары жазылган. Эл өкүлү Бишкек шаары боюнча кошумча маалымат берилерин айткан.
Кыргызстан кайсы өлкөлөрдөн ун менен буудай сатып алат