Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

14-15-мартта абанын температурасы төмөндөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-Мар. — Sputnik. Дүйшөмбүгө караган түнү көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан жаайт, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +13...+18, Ысык-Көл өрөөнүндө +7...+12, Нарын аймагында +5...+10 градус жылуу болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында күн ачык болуп, Бишкекте +11...+13, Ошто +15...+17 градуска чейин жылуу болору болжолдонду.
Күн жылыйбы? Алдыдагы аптага аба ырайы