Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Байден: Россиянын НАТОго коркунуч жараткан ар бир кадамына жооп беребиз

Россия 24-февраль күнү Украинада атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин мындай кадамдын максаты "акыркы сегиз жылдан бери Киев режиминен запкы тартып келген элди коргоо" экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк согушка алып келерине карабай АКШ Россиянын НАТОго коркунуч жараткан кадамдарына жооп берет. Бул тууралуу Американын президенти Жо Байден айтты.
Видео РИА Новости агенттигинин Telegram каналына жарыяланды.
"Биз Европадагы өнөктөштөрүбүз менен иштей беребиз жана НАТОнун аймагындагы ар бир дюймду коргойбуз. Ошол үчүн менен Россия менен чектешкен аймактарга, тагыраагы, Латвия, Эстония, Румыния сыяктуу өлкөлөргө 12 миң аскер жөнөттүм. Россия бир кадам жылса эле жооп кайтарабыз. Ошентип үчүнчү дүйнөлүк согуш башталат. Бизде НАТОнун аймагы тууралуу ыйык милдетибиз бар. Ал боюнча 5-беренеде айтылган. Үчүнчү дүйнөлүк согушту Украинанын аймагында өткөрбөйбүз", — деди Байден.
Эскерте кетсек, Россия 24-февраль күнү Украинада атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин мындай кадамдын максаты "акыркы сегиз жылдан бери Киев режиминен запкы тартып келген элди коргоо" экенин айткан. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Россиянын Куралдуу күчтөрү аскердик инфраструктура менен Украина аскерлерине гана сокку урууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Шойгунун Украинага ыктыярчыларды тартуу сунушуна макул болду