Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Россия менен сүйлөшүү тууралуу: эпке келе баштадык

Украина башчысы өлкө согушууну каалабай турганын айтып, коопсуздук кепилдиги жалгыз Россиядан эле эмес, башкалардан да керек экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский Россия менен сүйлөшүү кандай жүрүп жатканын чет элдик журналисттерге маалымат жыйында айтып бергенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, ушу тапта россиялык жана украиналык өкүлдөр бири-бирине "ультиматум койбой, эпке келе баштады".
Зеленский өзү да сүйлөшүүгө даяр экенин кошумчалап, Израилдин премьер-министри Нафтали Беннетке кийинки раундду Иерусалимде өткөрүүнү сунуштаганын билдирди. Буга чейин Беларуста тараптар үч ирет жолуккан.
Зеленский тынчтык процесси "сөз бойдон калбастан иш жүзүндө да баштала турганына" үмүт артты. Андан тышкары, НАТО мүчөлөрүнөн Украина үчүн биригүүгө даярдыгын байкабаганын белгиледи. Президенттин айтымында, Киевге Москвадан эле эмес, башкалардан да коопсуздук кепилдиги керек.
"Бул согуштан кийин биз башка согушууну каалабайбыз. Бул документте көрсөтүлүшү керек. Анда өлкөбүз үчүн коопсуздуктун бардык кепилдиги чагылдырылышы зарыл", — деген Украина жетекчиси.
Ал 1 300гө чукул украиналык жоокер набыт болгонун кошумчалады.
Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдиришкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден: Россиянын НАТОго коркунуч жараткан ар бир кадамына жооп беребиз