Ташиевдин өкүл баласы ишкерден опузалап акча талап кылды деп кармалды. Видео

Атайын кызмат И.А.К. аттуу киши УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен мамилесине жамынып кылмышка барганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жалал-Абадда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы, И.А.К. аттуу адам ишкерден опузалап акча талап кылды деп кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Ага ылайык, 11-мартта аны менен кошо дагы бир киши жеке ишкерден 90 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен колго түшкөн.

"И.А.К. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы болуп туруп, үй-бүлөлүк мамилеге жамынып Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери Б.А.И. менен жеке ишкерди коркутуп 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган", — деп жазылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара алуу") менен иш козголгон. Кармалган жарандар Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
УКМК: Абжалиев келтирген зыяндын ордун толтуруп, эркиндикке чыкты