Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россияда Instagram жабылат. Компания башчысынын жообу

Instagram тармагын толугу менен бөгөттөө процесси 14-мартта аяктамакчы. Россия бийлиги өз жарандарына бул тармактагы керектүү маалыматтарды көчүрүп алууга мүмкүнчүлүк берип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Роскомнадзор мекемеси Россия аскерлерине карата зомбулукка үндөп жаткан чакырыктардан улам Instagram социалдык тармагына чектөөлөрдү коет. Бул тууралуу ведомствонун сайтында кабарланды.
"Башкы прокуратуранын чечимине ылайык, Meta Platforms, Inc.компаниясына тиешелүү Instagram социалдык тармагына Россиянын аймагында чектөө коюлат. Анда Россия аскерлерине карата зомбулукка үндөгөн материалдар таратылууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Instagram тармагын толугу менен бөгөттөө процесси 14-мартта аяктамакчы. Россия бийлиги өз жарандарына бул тармактагы керектүү маалыматтарды көчүрүп алууга мүмкүнчүлүк берип жатат.
Көп өтпөй Россиянын кадамына Instagram компаниясынын башчысы Адам Моззеринин билдирген пикирин РИА Новости жазды.
"Бул чечим Россиянын аймагында жашаган 80 миллион колдонуучунун бири-бири жана дүйнөнүн башка мамлекеттериндеги жакындары менен байланышын үзөт. Андыктан мен муну колдобойм", — деди Моззери.
Буга чейин Meta Platforms Украинадагы абалга байланыштуу Facebook жана Instagram социалдык тармактарында россиялык аскерлерге карата зомбулук көрсөтүүгө чакырык таштоого убактылуу уруксат берген. Бул эреже Россиянын жарандык коому үчүн жайылтылбай турганын компаниянын маалымат катчысы Энди Стоун билдирген.
Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, жаңы саясат Россиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун башчысы Александр Лукашенконун өлүмүн тилеген чакырыктарга уруксат берет.
Башкы прокуратура арызын сотко жөнөткөн болчу. Ошондой эле Роскомнадзорго Instagram каналынын ишин чектөө талабы коюлган. Буга чейин Facebook менен Twitter түйүндөрүнө чектөө киргизилген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россияда Meta компаниясын экстремисттик уюм катары таануу талап кылынууда