Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия жооп кылып Батышка каршы санкцияларынын тизмесин даярдады

РФ ТИМ башчысынын орун басары жакын арада тизме ачыкталарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Россия жооп иретинде Батышка каршы жеке санкцияларын даярдады. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, министрлик ушул багытта иш жүргүзүүдө.
"Бул негизи күнүмдүк жумуштун эле бир бөлүгү. Санкциялардын масштабы жана кандай болору тууралуу сөз кылуу туура эмес", — деген ал.
Рябковдун айтымында, Россия жакын арада АКШ менен Батышка каршы санкциялардын тизмесин жарыялайт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Евробиримдик: Россияга каршы санкциялардын жогорку чегине жеттик