Эки пилдин кармашынан тарта. Nature Photography Awards сынагынын сүрөттөрү

World Nature Photography Awards 2021 сынагынын калыстар тобу табиятты кадрга түшүргөн мыкты фотографты аныктады. Жылдын сүрөтчүсү болуп Амос Нахум табылды.
Sputnik
1 / 15

Сынактын абсолюттук жеңүүчүсү жана жылдын фотографы болуп Амос Нахум табылды. Ага ач деңиз кабыланынын пингвинге кол салып жаткан бул сүрөтү таандык.

2 / 15

Италиялык фотограф Федерико Тести тарткан "Ландшафт жана дарактар" сүрөтү

3 / 15

Канадалык сүрөтчү тарткан "Борней орангутаны"

4 / 15

"Тынч океанынын бакасы" сүрөтү да Shayne Kaye аттуу канадалык сүрөтчүгө таандык

5 / 15

Сингапурдук Chin Leong Teo тарткан "Кызыл кумурскалар"

6 / 15

"Муз шаркыратмасы". Япониялык фотограф Rie Asada.

7 / 15

Бельгиялык сүрөтчү тарткан "Үч айлык орангутан" сүрөтү. Тропик токойлорунун жакырланышынан улам Индонезияны байырлаган Суматра орангутанынын жоголуп кетүү кооптуулугу күч болуп турат.

8 / 15

"Каралбай калган үй". Америкалык фотограф Gautam Kamat Bambolkar.

9 / 15

"Сейрек кездешчү көгүлтүр түлкү". Британиялык фотограф Vince Burton.

10 / 15

Ashok Behera аттуу индиялык фотографтын "Тойлоп жаткан таз жору менен түлкү" сүрөтү

11 / 15

Америкалык фотограф Matthijs Noome, "Бүкүр кит"

12 / 15

"Муз үңкүр". Швейцариялык фотограф Sabrina Inderbitzi тарткан.

13 / 15

Фиджи аралдарынан чыккан фотограф Tom Vierus тарткан "Узун куйруктуу макакалар". Бул жаныбарлар адамдыкына окшогон жүрүм-туруму менен айырмаланып келет. Кишиге үйүр, храмдардын жанынан көп кездештирүүгө болот.

14 / 15

Австралиялык сүрөтчү Сэм Вилсонго таандык "Ландшафт" сүрөтү

15 / 15

Британиялык фотограф William Fortescue, "Эки пилдин кармашы"

Тема боюнча:
Айдын чыгышы жана булут арасындагы шаар. Көз талдырган 17 сүрөт
Баары башкача! Жаратылышты сүйлөткөн ажайып 15 сүрөт