БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. БУУ калкты кастыкка жана зордук-зомбулукка үндөгөн чакырыктардын бардык түрүнө каршы. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз калкты кастыкка жана зордук-зомбулукка үндөгөн чакырыктардын бардык түрүнө каршы экенибизди ачык билдирип келебиз. Мындай нерсе кайсы гана тараптан болбосун кабыл алынгыс болуп саналат", — деген Дюжаррик.
Буга чейин Meta Platforms Украинадагы абалга байланыштуу Facebook жана Instagram социалдык тармактарында россиялык аскерлерге карата зомбулук көрсөтүүгө чакырык таштоого убактылуу уруксат берген. Бул эреже Россиянын жарандык коому үчүн жайылтылбай турганын компаниянын маалымат катчысы Энди Стоун билдирген.
Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, жаңы саясат Россиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун башчысы Александр Лукашенконун өлүмүн тилеген чакырыктарга уруксат берет.
Ал эми Россиянын Башкы прокуратурасы соттон Meta компаниясын экстремисттик уюм катары таанууну, анын РФ аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салууну өтүнгөн. Башкы прокуратуранын арызы сотко жөнөтүлгөн. Мындан сырткары, Роскомнадзорго Instagram каналынын ишин чектөө талабы коюлду. Буга чейин Facebook менен Twitter түйүндөрүнө чектөө киргизилген.
Россиянын Тергөө комитети коомчулукту экстремисттик аракеттерге чакыруу жана терроризмди жайылтуу беренелери боюнча иш козгогон.
Россияда Instagram 14-марттан тарта иштебейт. Роскомнадзор колдонуучуларга сүрөт, видео жана башка маалыматтарын сактап алууга кеңеш берген.