Министр: кант ЕАЭБден башка өлкөлөрдөн дагы алынат, тынчсызданууга негиз жок

Министрлер кабинетинин жыйынында кумшекер менен суу майды импорттоодо кошумча нарк салыгын албоо чечими кабыл алынды. Ошондой эле ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн кант алып кирүүгө квота бөлүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстанда канттын запасы бир нече айга жетет. Андыктан тынчсызданууга негиз жок. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Анын айтмында, министрлер кабинетинин жыйынында кумшекер менен суу майды импорттоодо кошумча нарк салыгын албоо чечими кабыл алынды. Ошондой эле ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн кант алып кирүүгө квота бөлүндү.
"Кант тартыштыгын алдын алуу үчүн башка өлкөлөрдөн алып келип туруу сунушун ЕАЭБ колдоду. Андыктан жакынкы күндөрү үч мамлекеттен кумшекер ташыла баштайт. Учурда кыргызстандык фермерлер өндүргөн 20 миң тонна кант бар. Бул запас 2,5 айга жетет. Ал эми Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасындагы кант үч айга ылайыкталган", — деди министр.
Ошондой эле ал келишим боюнча "Кайыңды-Кант" ишканасы соода түйүндөрүнө канттын килограммын 65 сомдон жөнөтүп турарын, ал эми дүкөндөр анын үстүнө эки сомдон кошорун айтты.
Өсүмдүк майынын запасы канча убакытка жетет? Министрдин жообу