Өсүмдүк майынын запасы канча убакытка жетет? Министрдин жообу

Министрдин айтымында, мамлекеттик резервде былтыр сатып алынган майлар түгөнө элек, ошондой эле өлкөдө ири май заводу ишин жандантты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстанда импорттолгон өсүмдүк майынын запасы 2,5 айга жетет. Бул тууралуу маалымат жыйында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Министр тынчсызданууга кажет жок экенин белгиледи. Мамлекеттик резервде былтыр сатып алынган майлар түгөнө элек.
Мындан сырткары, Жалал-Абадда "Дома-Ата" ири май заводу ишин кайрадан жандантты. Учурда 500 тонна күн караманын уругу келди. Жалпы 2 000 тонна алуу макулдашылган.
Жаныбеков майды иштеп чыгуу боюнча дагы эки ири завод бар экенин, ошондой эле Россиядан күн караманын уругу сатып алынып, дыйкандарга жеңилдетилген шартта берилип жатканын кошумчалады.
Айрым соода түйүндөрүндө кушмекер 67 сомдон сатылууда. Алуу шарты