Өлкөдө көчөт отургузуу боюнча "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталды. Сүрөт

Президент көчөт отургузуу иш-чарасы ар бир аймакта өтүп жатканын, мындан ары жыл сайын боло турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстан боюнча "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн баштап, алгач "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чара Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында өткөрүлүп жатат.
1 / 7

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстан боюнча "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн баштап, алгач "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузду.

2 / 7

Иш-чара Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында өткөрүлүп жатат.

3 / 7

Көчөттөрдү отургузууга эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттик администрациянын жана иш башкармалыгынын, ошондой эле Бишкек мэриясынын кызматкерлери катышты.

4 / 7

Жапаров климаттын тез өзгөрүшү, аба ырайынын начарлашы жана мөңгүлөрдүн эриши Кыргызстандын эле эмес, дүйнө жүзүнүн көйгөйү экенин белгилеген.

5 / 7

Мамлекет башчы "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү ар бир аймакта өтүп жатканын, иш-чара эми жыл сайын боло турганын белгилеген.

6 / 7

Президент элди көчөт отургузууга активдүү катышууга чакырды.

7 / 7

Ошондой эле жыл сайын өлкө боюнча 5-6 миллион көчөт отургузуу пландалып жатканын айткан.

Көчөттөрдү отургузууга эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттик администрациянын жана иш башкармалыгынын, ошондой эле Бишкек мэриясынын кызматкерлери катышты.
Жапаров климаттын тез өзгөрүшү, аба ырайынын начарлашы жана мөңгүлөрдүн эриши Кыргызстандын эле эмес, дүйнө жүзүнүн көйгөйү экенин белгилеген.
Мамлекет башчы "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү ар бир аймакта өтүп жатканын, иш-чара эми жыл сайын боло турганын белгилеген. Президент элди көчөт отургузууга активдүү катышууга чакырды.
Ошондой эле жыл сайын өлкө боюнча 5-6 миллион көчөт отургузуу пландалып жатканын айткан.
Президент өткөн жылы Глазго шаарында өткөн БУУнун саммитинде уюмга Кыргызстанда 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы деп жарыялоо сунушун бергенин эске салган. Бул демилге колдоо таап, сессиянын катышуучулары резолюцияны кабыл алышкан. Февралда "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыкка кол коюлган.
Радио
Ниязалиев: БУУ Бишкекте жашыл транспортту өнүктүрүүнү ишке ашырат