Кыргызстандан кайсы азык-түлүктөрдү ташууга тыюу салынган

Айыл чарба министри мындай чаралар өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында көрүлүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйында азык-түлүктүн кайсы түрлөрүн Кыргызстандан тышка алып чыгып сатууга тыюу салынганын эске салды.
Анын айтымында, мындай чаралар азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында (керектүү көлөм өзүбүздө болушу үчүн) көрүлүп жатат.
Өлкөдөн чет мамлекетке ташууга тыюу салынган азыктар:
өсүмдүк майы;
кумшекер;
ун;
минералдык жер семирткичтер;
тоют;
күйүүчү-майлоочу материалдар.
Өсүмдүк майынын запасы канча убакытка жетет? Министрдин жообу