Кыргызстандын ЕАЭБдеги соода жүгүртүүсү январда 265 млн. долларга жетти

Өлкөнүн соода алакасы былтыркыдан алда канча өскөнү байкалат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 265 миллион долларга жетип, 2021-жылга салыштырмалуу 48,8 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Өлкөнүн тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү жылдын алгачкы айында 660,5 миллион долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 1,8 эсе көбөйгөнүнөн кабар берет.
Товардын 40,1 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда айланган. Биримдиктин алкагында соода жүгүртүүнүн 71,3 пайызы Россия жана 27 пайызы Казакстан менен болгон. Беларусь менен Армения 1-2 пайыздан ашпайт.
Улуттук банк Visa, Mastercard тобокелчилигинен улам "Элкарт" алууну сунуштады
Россиядан кээ бир товарларды сыртка чыгарууга тыюу салынды. Тизме