Адам канча тил билсе, ошончо дил билет. Тил үйрөнүү бул абдан сонун нерсе деген Татьяна Колесникова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып учурда кошумча испан тилин да өздөштүрүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, кыргыз тилин билүү адамдар менен мамиле курууга, достошууга, кыргызча китептерди окууга мүмкүнчүлүк берет.
"Кичине кезимден бери кыргыз тилдүү коомдо өстүм. Ош шаарында төрөлүп, кыргыздардын арасында жашап, тилин эле эмес, каада-салтына чейин билем. Мектепте, университетте окуп жүргөндө курсташтарыма кыргыз тилинен жардам берип, котормочу болчумун. Мунун баары мен үчүн чоң тажрыйба болду. Мен негизи экономикалык билимдин ээсимин. Бирок беш жыл мурун балдарым мектептен кыргыз тилин түшүнбөй, үйрөнө албай кыйналгандыктан өзүм кыргыз тилчи болууну чечтим. Учурда тилдин структурасын, грамматикасын балдарга үйрөтүп жүрөм. Кыргыз тилин үйрөнүү мен үчүн оор болгон жок. Негизи кайсы гана тил болбосун кызыгуу күч болсо, үйрөнүүдө эч кандай кыйынчылык жаралбайт. Кыргыз тили абдан көрктүү, кызыктуу, бай тил. Учурда балам кичинекей болгондуктан үйдөн онлайн-сабактарды өтүп жатам", — деди Колесникова.
Ал кыргыз элинин каада-салтын изилдеп, кыргыз, орус тилдеринде роликтерди жасай турганын да кошумчалады.