Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчилери жолукту. Чечимдер

Эскерте кетсек, эки күн мурун чек ара аймагында курал колдонулган чатак чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бүгүн, 12-март күнү, Тажикстандын "Гулистон" өткөрүү бекетинде УКМКга караштуу Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев менен коңшу өлкөнүн УКМКсынын Чек ара күчтөрүнүн командачысы Раджабали Рахмонали жолукту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Жолугушууга президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода катышты.
Тараптар коопсуздук маселелерин талкуулап, чек аранын биргелешип кайтарган аймагында чыр-чатактын көбөйө баштаганына, 10 жана 11-мартта болгон атышууга көңүл бурушту.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:
эки өлкөнүн чек ара аймагында чыр-чатакка жол бербөөгө багытталган аракеттерди координациялоо боюнча өкмөттөр аралык протоколдор менен макулдашууларды аткаруу жаатында чараларды кабыл алуу;
аскер кызматкерлеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
тараптар чыр-чатакты алдын алуу үчүн бири-бири менен маалымат алмашып турушу;
эки тараптын мыйзамдарында каралган учурлардан башка маалда аскер кызматкерлерине курал колдонууга тыюу салуу.
Аягында тараптар кызматташууну мындан дагы активдештирүүнү жана коңшулук алаканы жакшыртууну макулдашышканы айтылды.
Өкмөт: Кыргызстан менен Тажикстан чек ара көйгөйүн үчүнчү тарапсыз чечет