Кумурсканын ракты сезе алары айтылды

Маалыматта эми окумуштуулар кичинекей жаныбардын жардамы менен ракты тез жана майнаптуу жол менен билүү ыкмаларын издеп жатышканы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Окумуштуулар бир катар жаныбарлардын адам баласынын ден соолугунда зор ролду ойноорун, олуттуу ооруларды алдын ала сезерин белгилеп, жакында алардын катарына кумурсканы кошкон. Бул тууралуу "National Geographic Россия" сайты жазган.
Мурдагы эксперименттерде иттин өпкө жана эмчек рагын бейтаптын дем алганынан улам сезерин айтышкан. Эми ал жаныбарлардын катарына кумурска кошулду. Тажрыйба жүргүзүү учурунда бир нече мүнөт үйрөтүүдөн өткөрүлгөн бул жаныбарлар адамдын рак клеткаларын туя билгени айтылат. Окумуштуулар кумурска аны жытынан билгенин боолголошкон.
"Адамдагы рак клеткаларынын жытын эстеп калып, аны табыш үчүн кумурскаларга бир нече ирет көрсөтүп, жыт алдыруу керектигин аныктадык", — деген Франциядагы илим изилдөө борборундагы илимий иштин авторлору.
Маалыматта эми окумуштуулар бул жаныбарлардын жардамы менен ракты тез жана майнаптуу жол менен билүү ыкмаларын издеп жатышканы кабарланган.
Адистер кумурскалар баңгизаттарды, жарылуучу заттарды жана башка ооруларды жыттап билүүгө жөндөмдүү экендигин айтышууда.
Ракты алдын алат. Помидордун пайдалуу касиеттери айтылды
Кудум жомоктогудай достук. Жыланды "басып алган" майда жаныбарлардын видеосу