Жекшембиге карата аба ырайы

13-мартка караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу жерлерде кар жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жекшембиде күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +9...+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көлдө +7...+12, Нарын аймагында +2...+7 градус болот.
Бул күнү Бишкек менен Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +12...+14 жана Ош калаасында +13...+15 градусту көрсөтөт.
Күн сууктайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты