Нооруз: Чолпон-Атадагы ат майдан көк бөрү сүйүүчүлөрүн күтөт

Командалар 12-март күнү чүчү кулак кармайт. Оюндар 21-мартка чейин болуп, финалдык беттештер Ноорузда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Салтка айлангандай быйыл да Нооруз майрамына карата көк бөрү турнири өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Мелдеш 13-21-март күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда болот. Финалдык оюн Нооруз күнү, 21-мартта, өтөт. Командалар 12-март күнү чүчү кулак кармайт.
Күн мурун маданият министри Азамат Жаманкулов Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев менен жолуккан. Министр жаңы шайланган жетекчи менен алдыдагы пландары тууралуу сүйлөшкөн.
Бегалиев улуттук оюнга даярдыктар өз нугунда жүрүп жатканын билдирген.
Кыргыз спортчуларынын параддык-спорттук кийиминин дизайнын эл кошо тандайт