Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

БУУ Украинадагы биолабораториялардын бар-жогун текшере албай турганын билдирди

БУУ Украина аскердик биологиялык программаларды ишке ашырганы боюнча маалыматы жок экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. БУУ уюмдун Украинадагы аскердик биологиялык программалардын бар-жогун иликтөөгө мандаты жок экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү аталган өлкөдөгу биолабораторияларга көңүд бурууга чакырган болчу.
РФтин Коргоо министрлиги буга чейин презентация жасап, анда АКШ Украинадагы биолабораториялардын ишине 200 миллион доллар коротконун айткан.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын Украинадагы аскердик биологиялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу биологиялык куралга тыюу салуу боюнча конвенциянын алкагында консультация жүргүзүлөрүн билдирген. Ал эми Кытай ТИМинин расмий өкүлү Чжао Лизцянь Вашингтонду бул кадамын түшүндүрүүгө чакырган.
БУУ РИА Новостиге Украинада биологиялык куралга тыюу салуу боюнча конвенцияга карама-каршы келген аскердик биологиялык программаларды ишке ашырганы боюнча маалыматы жок экенин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
БУУ: РФ өкүлү Европаны Украинадагы биологиялык коркунуч тууралуу ойлонууга чакырды
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
YouTube Россиянын ЖМК каналдарынын ишине бөгөт коё турганын айтты