Бишкекке жаңы вице-мэр жана эки аким дайындалды

Жаңы жеткечилерди дайындоо боюнча буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 11-март күнү кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкек мэрине жаңы орун басар болуп Бактыбек Абдиев дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Мындай буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 11-март күнү кол койду.
Абдиев буга чейин Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде, "Бишкек башкы архитектура" мекемесинде эмгектенген.
Ошондой эле Свердлов жана Октябрь райондорунун башчылары алмашты. Свердлов районун Бахтияр Карымшаковдун ордуна эми Максатбек Саргазаков жетектейт. Ал эми Октябрь районун жетекчилигине Азамат Дороев дайындалды. Мурда бул кызматты Мирлан Эшкожоев аркалаган.
Инвестициялар агенттиги "улуттук" макамын алып, Равшанбек Сабиров жетекчи болду