БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев алдамчылык фактысы боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруп берди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
"Абжалиевге УКМК тарабынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда жакын туугандары менен сүйлөшүп алып, алдамчылык жолу менен жеке ишкерге 1,2 миллион доллардан ашык зыян келтиргени аныкталган. Экс-депутат анын ордун толтуруп бергенине байланыштуу 11-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен камактан бошотулду", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, мурдагы депутат Алиярбек Абжалиев 11-февралда кармалган. УКМК анын депутат болуп турган кезде жеке ишкерге 2 миллион доллар зыян келтиргенин билдирген. Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталганы кабарланган.