БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Россияга доллар банкноталарын сатууга тыюу салган жарлыгын чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"АКШнын жеке жана юридикалык жактарына жайгашкан жерине карабастан Россиянын өкмөтүнө же РФте жүргөндөргө доллар банкноталарын экспорттоого, реэкспорт кылууга, сатууга, жеткирүүгө тыюу салынат", — деп жазылган маалыматта.
Кийинчерээк АКШнын Финансы министрлиги топтолгон каражатты (сбережений) коммерциялык эмес максатта бир жолу чыгарып кетүүгө тыюу салынбай турганын билдирген. Тагыраагы, АКШдагы киши ал жактан же башка жакта туруп, Россиядагы адамга каражат жөнөтө алат.
Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдиришкен.
Көптөгөн Батыш мамлекеттери Россияга каршы ири санкцияларды киргизди, биринчи кезекте банк секторуна таасир этти. Бир нече дүйнөлүк бренддер жана сервистер өлкөдө ишин токтотту.