БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бажы комиссиясы дан азыктарын РФтен ЕАЭБ мамлекеттерине алып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Россиянын экономиканы өнүктүрүү министрлигинин билдирмесине таянып РИА Новости жазды.
Ага ылайык, бул чечим 2022-жылдын 31-августуна чейин күчүндө болуп, РФтен буудай, кара буудай, арпа, жүгөрү алып чыгууга тыюу салынган. Башкача айтканда, эми ЕАЭБ мамлекеттери Россиядан 31-августка чейин дан азыктарын ала алышпайт.
Россиядан кумшекерди дагы сыртка алып чыгууга тыюу салынган, бирок ЕАЭБ мамлекеттери Айыл чарба министрлигинин уруксаты менен ала алышат.
Экономиканы өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү сунуш Россиянын Айыл чарба министрлигинен түшүп, комиссиянын чечими биринчи вице-премьер Андрей Белоусов менен макулдашылган.
Министрлик ички рыноктогу бааны турукташтыруу үчүн дан азыктарын ЕАЭБден тышкары алып чыгуу тарифтик квота жана экспорттук пошлина менен чектелгенин эскертти.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Россиянын өзүнө дан азыктары жетиштүү. Аларды экспорттого тыюу салуу айыл чарба продукциясынын сыртка агылышына бөгөт коёт. Министрлик ЕАЭБ мамлекеттери бул сезондо аталган продукцияны пошлинасы жок жетиштүү көлөмдө сатып алганын белгиледи.