Улуттук банк Visa, Mastercard тобокелчилигинен улам "Элкарт" алууну сунуштады

Санкцияларга байланыштуу эл аралык системадагы карталардын иши үзгүлтүккө учурашы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Улуттук банк кыргызстандыктарга кошумча "Элкарт" төлөм карталарын ачууну сунуштап жатат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагындагы төлөм системалары накталай эмес төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылып жатканы белгиленген.
"Россия банктарына санкция киргизүү (Visa жана Mastercard банктык төлөм карталарын эсептешүүлөрдүн эл аралык системаларынан өчүрүү) жалпысынан өлкөнүн төлөм системасынын ишине түздөн-түз таасирин тийгизбейт. Анткени Кыргызстанда "Элкарт" төлөм карталары менен улуттук эсептешүү системасы иштейт. Бул система өзүнүн форматтары, эрежелери, тарифтери боюнча иш жүргүзөт. Ошол эле учурда байланыш каналы катары жергиликтүү провайдерлер пайдаланылат. "Элкарт" өлкө аймагында иштелип чыгат жана сакталат", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банктын божомолунда, санкция Россиянын төлөм операцияларын иштетүү борборлоруна киргизилген учурда Visa жана Mastercard карта ээлери башка банктардын (мурда тейленип келген) банкомат, POS-терминалдарын колдоно албай калышы мүмкүн. Алар ошол банктардын филиалдарына барып касса аркылуу гана акчасын чыгарып калышы ыктымал.
"Ушуга байланыштуу мүмкүн болгон тобокелдиктерди алдын алуу максатында Улуттук банк Visa жана Mastercard карта ээлерине "Элкарт" улуттук төлөм системасынын карталарын кошумча ачууну жана алар боюнча өлкө ичинде операцияларды жүргүзүүнү сунуштайт", — деп жазылган кайрылууда.
"Элкарт" улуттук төлөм системасынын карталарын алуу үчүн кардарлар коммерциялык банктарга кайрылышы керек.
Улуттук банк доллар менен кредит берген банктарга сунуш киргизди