Россияны Украинада атайын операция жүргүзүүгө мажбур кылышты. Мындай пикирин Сатыбек Молдалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Украинадагы улутчулдарды Россияга каршы тукуруу эбак эле башталган.
"Украинадагы Россия тарабынан жүргүзүлүп жаткан атайын операция жөн жерден эле башталган жок. Ал үчүн аскер башчысы кооптонуулар, тобокелчиликтер боюнча тийиштүү адистердин пикирин угуп, чечим кабыл алды. Анткени океандын ары жагындагы өлкө улутчулдарга, ар кандай экстремисттик топторго колдоо көрсөтүп, Россияга каршы тукуруп келген. Белгилей кетүүчү жагдай, атайын операция украиналыктарга каршы эмес, улутчулдарды жана аларды колдогондорду токтотуу үчүн жүрүүдө. Эгерде 24-февралда аталган операция башталбаса, 25-февралда Россиянын аймагына ракеталык соккулар урулмак. Буга карата даярдыктар көрүлүп жатканы тууралуу чалгынчылар тарабынан тийиштүү маалыматтар өлкө жетекчилигине жеткирилип турган. Украинадагы атайын аскердик операцияны баштоо менен Россия чоң коркунучту алдын алды. Башкача айтканда, Батыш Россияны Украинада атайын операция жүргүзүүгө мажбур кылды", — деди Молдалиев.
Ошондой эле ал Батыш көпчүлүк учурда эки жүздүү саясат жүргүзүп келгенин белгилеп, Ливияны мисал келтирди.