Айрым соода түйүндөрүндө кушмекер 67 сомдон сатылууда. Алуу шарты

Акция калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн иштелип чыккан, ортомчулардын ишине жол бербөөнү көздөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы калкты кушмекер менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу үчүн "Кайыңды Кант" заводу, "Народный", "Глобус", "Достор" жана "Фрунзе" соода түйүндөрү менен келишим түздү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Бул соода түйүндөрүнөн бир киши сутка ичинде 1 килограмм кумшекерди жеңилдетилген баада — 67 сомдон ала алат. Ошондой эле кардарлар товарды арзан алып жүргөн картасын көрсөтүшү керек", — деп жазылган маалыматта.
Каалоочулар бир килограммдан да көп сатып ала алат, бирок баасы акциядагыдай арзан болбойт. Бул калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн иштелип чыккан, ортомчулардын ишине жол бербөөнү көздөйт.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы келишим түзүүгө башка кумшекер өндүрүүчүлөрдү да чакырды.
Өлкө экономикасы үчүн антикризистик чаралардын жыйындысы иштелип чыкты
РФ канттын экспортун токтотууну пландоодо. КР шекерди кайдан алып келген