БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Россияга каршы киргизилип жаткан санкциялар Москванын Евразия биримдигиндеги өнөктөштөрүнө дагы сокку урат. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин "Известия" басылмасына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Россия өнөктөштөрүнүн тилектештигине үмүт артып, ошол эле учурда кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууну таңуулабайт.
"Албетте, Россияга каршы санкцияларды кыйгап өтүү оңой эмес, анын эпкини биздин союздаштарга, Евразия мейкиндигиндеги экономикалык жана соода өнөктөштөрүбүзгө тиет. Санкция темасы жана анын тамырын кыркуу биздин биримдиктин күн тартибинде узак убакыттан бери турат. ЕАЭБдеги өнөктөштөрүбүздүн тилектештик көрсөтөрүнө, ушундай кыйын күндө да бутка туруп кетерибизге ишенебиз. Колубузда инструменттер көп", — деди Панкин.
Ошондой эле ал улуттук валютада эсептешүү, каржылоо үчүн регионалдык өнүктүрүү банктарын тартуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.