БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Россия коронавирус пандемиясына байланыштуу сегиз мамлекетке каттаган учактардын каттамына киргизилген чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу Росавиация билдиргенин РИА Новости жазды.
Тизмедеги мамлекеттер:
Азербайжан;
Армения;
Казакстан;
Кыргызстан;
Тажикстан;
Түркмөнстан;
Өзбекстан;
Иран.
Учуулар өкмөттөр аралык эки тараптуу келишимдин негизинде ишке ашмакчы.