Инвестициялар агенттиги "улуттук" макамын алып, Равшанбек Сабиров жетекчи болду

Мамлекет башчы "Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргызстандын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги KADI мамлекеттик мекемесинин базасында президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик болуп түзүлүп, ага Равшанбек Сабиров жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мамлекет башчы Садыр Жапаров "Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргызстандын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
"Улуттук агенттик бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгып, аны ишке ашырып, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну координациялайт. Ошондой эле эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансылык уюмдар менен кызматташып, грант тартуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзмөкчү", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук макамын алган агенттикти Жогорку Кеңештин депутаты Равшанбек Сабиров башкарары кошумчаланды. Агенттик улуттук макамын алганга чейин аны Нурадил Баясов жетектечү.
Акчаңды актайт. Инвестиция жасоодо уттурбай турган үч тармак