БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Украинадагы атайын операцияга ыктыярчы жоокерлерди тартуу сунушуна макул болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында жазылган.
Президенттин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен өткөргөн жыйынында РФтин коргоо министри Сергей Шойгу Луганск менен Донецк эл республикаларына өз каалоосу менен келебиз деп ар кайсы өлкөнүн ыктыярчыларынан бир топ арыз түшүп жатканын айткан.
"Каалоочулардын көбү Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн. Азыр 16 миңден ашык арыз түштү. Биз бул өтүнүчтөргө макул болушубуз керек деп ойлойбуз. Анын үстүнө алар акчага эмес, чын дилинен барабыз деп жатышат. Көбүн билебиз. Алар кыйын кырдаалда, акыркы он жылда ИГИЛ* менен күрөшүүгө жардам бергендер", — деди Шойгу.
Путин Украинанын Батыштагы демөөрчүлөрү ал жакка жалданма аскерлерди жиберип жатканын белгилеген.
"Эгер силер Донбасста жашаган адамдарга акча үчүн эмес, өз эрки менен жардам берүүнү каалаган адамдар бар экенин көрүп жатсаңар, анда аларды атайын операция болуп жаткан жерге жибериш керек", — деген президент.
Узап бараткан жумада Украинанын ТИМ башчысы Дмитрий Кулеба чыр-чатак болуп жаткан жакка Киев тараптан барабыз деп чет өлкөлүк 20 миң адамдан арыз түшкөнүн айткан.
Эскерте кетсек, Россия 24-февраль күнү Украинада атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин мындай кадамдын максаты "акыркы сегиз жылдан бери Киев режиминен запкы тартып келген элди коргоо" экенин айткан. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Россиянын Куралдуу күчтөрү аскердик инфраструктура менен Украина аскерлерине гана сокку урууда.