Мигранттар Кыргызстанга январда 180 млн. доллар которду

Акчанын дээрлик көпчүлүк бөлүгү Россиядан которулган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын январь айында 177,1 миллион доллар чет жактан келип түштү. Бул тууралуу Улуттук банктын статистикалык маалыматында жазылган.
Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу жүргүзгөн транзакциясы тууралуу болууда. Каражаттын басымдуу бөлүгү — 171,9 миллион доллар Россиядан которулган.
Эгер ушул мезгилди 2005-жылдан берки мөөнөткө салыштыра турган болсок, азыркы көрсөткүч рекорд жаратат. Тагыраак айтканда, өткөн жылга караганда 25,6 миллион долларга көп.
Январь айына карата маалымат (акча которуулар 140 миллион доллардан ашкан жылдар гана көрсөтүлдү):
2021 — 151,5 миллион;
2020 — 148,5 миллион;
2019 — 165,2 миллион;
2018 — 148,4 миллион.
Белгилей кетсек, былтыр жыл ичинде мигранттар Кыргызстанга 2 миллиард 756 миллион сом которгон.
Доллар менен кредит алгандарга өкмөт жардам берет. Министр жол-жобосун айтты