Пресс-борбор

"Той менен сөөк коюудагы ысырапкорлук". Жарлык боюнча тегерек стол

Иш-чара жума күнү, 11-мартта, саат 10:00дө онлайн-форматта өтөт. Түз эфир Sputnik Кыргызстан агенттигинин Facebook баракчасынан көрсөтүлөт.
Sputnik
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салган жарлык чыгарган. Андан кийин Жогорку Кеңеш той-аш жана маркумду узатуу жөрөлгөлөрүнө чектөө киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Буга баш ийбегендерге 150 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталууда. Долбоордо мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана алардын балдары мыйзамды бузса кызматтан бошотула турганы белгиленген.
Талкуунун катышуучулары:
Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — мамлекеттик катчы;
Аманова Салтанат Абдылдаевна — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Нарынбаева Клара Карыбаевна — КР президентинин Чуй обулусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси;
Абдылдаев Кенжебек Орозмаматович — КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Мураталиев Мелис Казакбаевич — кыргыз таануучу;
Эргешов Акимжан Зулпукарович — теолог;
Ниязов Келдибек — КРдин эл артисти.
Урматтуу кесиптештер, суроолоруңузду (0553) 28-27-97 Telegram-номерине жөнөтсөңүздөр, модератор аны түз эфирден узатат.
Кой да союлбасын, 150 миң сом айып салынсын. Той-ашты чектөө сунуштары видеодо