Кыргыз спортчуларынын параддык-спорттук кийиминин дизайнын эл кошо тандайт

Конкурс эки баскычтан турат. Алгач атайын комиссия курама командалардын кийим-кечегинин эскизин тандап алып, андан кийин соцтармакка элдин сынына коёт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстандын улуттук курама командасынын эл аралык мелдештерде кие турчу параддык-спорттук экипировкасынын дизайнын иштеп чыгууга сынак жарыяланды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы кабарлады.
Сынак эки баскычтан турат. Алгач конкурстун комиссиясы курама командалардын кийим-кечегинин эскизин тандап алат.
Экинчи баскычта тандап алынган дизайн Спорт департаментинин социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланат. Добуш берүүгө өлкөнүн бардык жарандары катыша алат.
Сынакка катышуу үчүн арыздар 15-апрель күнү саат 18:00гө чейин кабыл алынат. Кошумча суроолор боюнча sport.gov.kg2022@gmail.com электрондук дарегине жазып же 0709 615 122 номерине чалуу керек.
Спорт департаменти быйыл Көчмөндөр оюну, Азия чемпионаты жана башка эл аралык турнирлер болорун эске салды.
Кыргызстандын хоккей командасы IV дивизиондогу дүйнө чемпионатын жеңди. Видео