Кыргызстанда ОСАГО боюнча төлөмдөрдүн суммасы бекитилди

2023-жылдан тарта бардык транспорт каражаттарынын айдоочуларына камсыздандыруудан өтүү милдеттендирилет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмү, жоопкерчилик лимиттери жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн тарифтери бекитилди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Камсыздандыруу суммасынын өлчөмү:
Жол кырсыгынан жабырлануучу набыт болсо 300 миң сом;
I топтогу майып болуп калса – 200 миң сом;
II топтогу – 150 миң сом;
III топтогу – 100 миң сом;
"майып-бала" категориясы – 200 миң сом;
майыптуулукка алып келбеген жаракаттарды алган учурда 100 миң сомго чейин;
жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууда ар бирине 150 миң сомдон ашык эмес жана бардык жабырлануучуларга 450 миң сомдон көп эмес.
Камсыздандыруу төлөмдөрү:
Автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сый төлөмүнүн өлчөмү 1680 сом суммасында белгиленди.
Ошондой эле камсыздандыруу сый төлөмүн эсептөө үчүн тарифтердин коэффициенттери да бекитилген.
"Камсыздандыруу сый төлөмүнүн өлчөмү ушул токтом менен бекитилген базалык камсыздандыруу сый төлөмү менен камсыздандыруу тарифтеринин коэффициенттеринин көбөйтүндүсү катары камсыздандыруучулар тарабынан эсептелет", — деп айтылат маалыматта.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде топтолгон тажрыйбаларды эске алуу менен камсыздандыруу суммасынын өлчөмүн белгилөө сунуш кылынууда, анткени бул өлкөлөрдө ОСАГО көп жылдар бою колдонулуп келе жатат. Эсептерди чыгарууда Кыргызстан калкынын турмушунун деңгээлинин (эмгек акыларынын орточо өлчөмү) көрсөткүчтөрү эске алынды.
Белгилей кетсек, ОСАГО жөнүндө мыйзам 2015-жылы кабыл алынган, бирок полиси жокторго айып салуу киргизилген эмес. 2023-жылдан тарта бардык транспорт каражаттарынын айдоочуларына камсыздандыруудан өтүү милдеттендирилет.
Салык кызматы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды киргизүүдө