Көч көрктүү болсун! Кыргыздардын 150 жыл мурунку турмушунан сүрөт баян

Жаз келип малчылар тоого төрт түлүк малын айдап чыгууга даярданып жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата-бабаларыбыздын көчмөн турмушундагы кызыктуу ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Кыргыздар төрт түлүк малын жайган жерин бир нече түргө бөлүп пайдаланган. Мисалы, жаздоо, жайлоо, күздөө, кыштоо деп төрт мезгилге жараша колдонгон. Мал менен тиричилик көргөн эл күн жылыгында тоону көздөй көчүп, сууктаганда кайра этекке түшчү.
Алгач жайытты барып карап, чөптүн чыгышып байкап, андан соң гана малын айдап көчкөн. Жайкысын күнгөй, тескей бетте өскөн чөптөрдүн чыгышына, анын касиетине карап мал жайган.
1 / 13

Боз үйүн чечип, оокатын жүктөнгөн адамдар. 1870-72-жылдар

2 / 13

Жайыт которууга даярданган үй-бүлө. Нарын облусу, 1926-жыл

3 / 13

Төө менен отун ташыган өспүрүм. Чоң-Алай району, 1946-жыл

4 / 13

Төөлөргө жүгүн артын жайлоого аттанган кыргыздар. Жалал-Абад облусу, XIX кылымдын соңу

5 / 13

Кыргыздар малын жайында жайлоодо, кышта кыштоодо кармаган

6 / 13

Алай тоо кыркаларында көчүп-конгон эл, XX кылымдын башы

7 / 13

Жайлоодо боз үйдүн жабуусун жапкан кыз-келиндер, 1928-жыл

8 / 13

Төөсүн минип сапарга чыккан киши. Чоң-Алай району, 1946-жыл

9 / 13

Кечүүдөн өткөн кыргыздар. 1937-жыл

10 / 13

Кыргыздар көчүп-конууда көбүнчө төөнү колдонушкан. Аны менен араба жолу жок жайыттарга жетүү жеңил болгон. 1933-жыл

11 / 13

Мал чарбачылыгы менен күн көргөн эл күн жылыгында жаздоого көчсө, сууктап калганда кайра этекти көздөй түшчү

12 / 13

Балдарын учкаштырып алып жаңы конушка жол тарткан эне. Алай өрөөнү, XX кылымдын башы

13 / 13

Чака-чайнек, боз үй артылган төө. Нарын облусун, 1926-жыл