БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстан ун менен буудайды ири көлөмдө чет өлкөдөн сатып алат.
Эске салсак, Россия үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин буудай, кара буудай, арпа, жүгөрү алып чыгууга тыюу салган. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө буудай менен унду кайдан сатып аларын билип көрдү.
КР өзүн буудай менен канчалык камсыздайт?
Өткөн жылдын ноябрь айында президент Садыр Жапаров Кыргызстан өзүн кээ бир азыктар менен 40 пайызга гана камсыздай аларын айткан. Анын ичинде нан дагы бар.
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда буудайдын түшүмдүүлүгү дээрлик эки эсеге кыскарып, гектарына 25,5тен 14,5 центнерге чейин алынды. Натыйжада буудайдын жалпы көлөмү азайган:
2020 — 629 миң тонна;
2021 — 362,7 миң тонна.
Эки жыл мурда Тегирменчилер комитетинин жетекчиси Рустам Жунушев менен мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Беков тамак-аш коопсуздугун камсыздоо үчүн канча тонна буудай керектигин (жергиликтүү жана импорттолгон) айтышкан. Экөө келтирген сандар бирдей чыккан — жылына 1,2 миллион тонна.
Кыргызстан ун менен буудайдын канчасын импорттойт?
Өткөн жылы республика 220 миң тонна буудай импорттогон. Жеткирүүчү мамлекеттер:
Россия — 124,8 миң тонна;
Казакстан — 94,3 миң тонна;
Өзбекстан — 1 миң тонна;
Түркия — 15 тонна.
Өткөн жылы Кыргызстанга 55,7 миң тонна буудайдан жана кара буудайдан алынган ун киргизилген:
Казакстан — 53 миң тоннадан ашык;
Россия — 1,3 миң тонна;
Кытай — 970 тонна;
Өзбекстан — 2,9 тонна;
Пакистан — 0,3 тонна.