Жапаров Кочкорго барып Турдакун Усубалиевдин эстелигин ачты. Сүрөт

Мамлекет башчы Усубалиевдин жасаган эмгектерин эскерип, ал жаңы муунга өрнөк болорун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районуна мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.
1 / 3

Нарын облусунун Кочкор районуна мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылды

2 / 3

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди

3 / 3

Мамлекет жетекчиси кыргыз тарыхында жамы журттун намысын бийик койгон, өзүн күнүмдүк турмуштан жогору туткан, бүткүл өмүрүн өз элинин келечегине арнаган адамдар арбын болгонун, алардын бири Турдакун Усубалиев экенин белгилеген.

Мамлекет жетекчиси кыргыз тарыхында жамы журттун намысын бийик койгон, өзүн күнүмдүк турмуштан жогору туткан, бүткүл өмүрүн өз элинин келечегине арнаган адамдар арбын болгонун, алардын бири Турдакун Усубалиев экенин белгилеген.
Жапаров Усубалиев сындуу кыргыз элинин чыгаан уулдарын такай эскерип туруу жалпы журт, жаңы муун үчүн өтө маанилүү экенин белгилеген
"Өз заманынын татыктуу, мыкты, сыймыктуу уулу, көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык саясий ишмери, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи секретары, Ленин орденинин үч жолку ээси, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин өмүр жолу, ар бир жасаган иши, ар бир кылган кызматы — баарыбыз үчүн өрнөк. Ал — Мекенге ак кызмат кылуунун бийик үлгүсү. Өзү туулуп-өскөн Кочкор аймагында эстелигин орнотуп, арбагын эскерип отурганыбыздын өзү эле жакшылыктын жышааны деп ойлойм", — деди Жапаров.
Ошондой эле мамлекет башчы Усубалиевдин жетекчилиги астында Кыргызстан агрардык өлкөдөн индустриалдык-агрардык республикага чейин өсүп жетилгенин белгиледи.
"Ушул мезгилде көптөгөн ГЭСтер салынды, завод-фабрикалар, социалдык жана маданий жайлар курулду, жаңы жерлер өздөштүрүлүп, айыл чарбасы ырааттуу өнүктү. Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы, анын тегерегиндеги ажайып имараттар, калаа четиндеги жүз миңдеген калк жашай турган кичи райондор да анын жеке көзөмөлү менен курулган. Ошондон улам эл оозунда "ордо калаанын башкы архитектору" деген образдуу ысым ыйгарылып, тарыхта калды", — деп эскерди президент.
Жапаров Усубалиев сындуу кыргыз элинин чыгаан уулдарын такай эскерип туруу жалпы журт, жаңы муун үчүн өтө маанилүү экенин белгилеген.
Турдакун Усубалиевдин небереси Эсен: чоң атам заводдор талкаланганда катуу чөктү