Радио

Болотбеков: КР хоккей командасы дүйнө чемпионатынын II дивизионунда ойной алат

Хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын II дивизионунда ойноого татыктуу экендигин айтты.
Sputnik
Үчүнчү дивизиондо Кыргызстан Түштүк Африка, Босния жана Герцеговина, Гонконг, Таиланд сыяктуу өлкөлөр менен ойнойт. Быйыл бул деңгээлдеги чемпионаттын катышуучулары көрсөткүчтөрүнө жараша алмашат. Бул тууралуу Элзар Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, улуттук курама команда IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатына 2019-жылдан тарта даярданды.
"IV дивизиондогу хоккей боюнча 2022-жылдагы дүйнө чемпионаты 2019-жылы өтүшү керек эле. Бирок пандемияга байланыштуу быйылкы жылга чейин созулуп кетти. Ири спорттук иш-чараны өткөрүү жоопкерчилиги бизге жүктөлгөндүктөн кызуу даярдык көрүлдү. Курама команда эки жылдын аралыгында абдан чоң көрсөткүчтөргө жете алды. Көп адистер, көрүүчүлөр биздин хоккейчилердин оюнунан кийин оюн өзгөрттү. Биздин команда дүйнө чемпионатынын II дивизионунда ойноого татыктуу деп айтсак болот. Эми III дивизиондо Түштүк Африка, Босния жана Герцеговина, Гонконг, Таиланд өңдүү командалар менен беттешет. Албетте, бул курамалар көрсөткүчтөрүнө жараша башка дивизионго өтүшү ыктымал", — деди Болотбеков.
Ошондой эле адис Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф кыргызстандык оюнчуларга, күйөрмандарга жана кыргыздын меймандостугуна таң калгандыгын кошумчалады.