Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчи: Украинадагы 93 кишинин жарымы чыкпай, кээси кайра кайтууну суранды

Элчилик Украинадагы айрым мекендештер үй-бүлөлүк шартка, ишмердүүлүгүнө, жакындарынын ден соолугуна байланыштуу кетүүдөн баш тартып жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Украинадагы кырдаалдан бери Кыргызстандын 559 жараны коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу КРдин Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.
Маалымат 10-март Бишкек убактысы боюнча саат 17.00гө карата берилди.
Буга чейин элчиликтин консулдук каттоосунда Кыргызстандын 680 жараны турчу, бирок кайрылуулардын саны өсүп жатканы айтылды.
"Украинада азыр 93 киши калууда. 8-мартта кезектеги эвакуациялоодо 71 адам калган, бирок эки күндө 22 жаран кайрылды. Анткен менен 93 кишинин жарымы үй-бүлөлүк шартка, ишмердүүлүгүнө, жакындарынын ден соолугуна жана башка себептерге байланыштуу кетүүдөн баш тартууда. Жадагалса Польшага алып келингендердин арасында кайрадан Украинанын тынч жерине барып ишкердигин улантууну сурангандар бар", — деп билдирди Кадыркулов.
Согуш аракеттери жүрүп жаткан жактагы кыргызстандыктар:
Николаев облусу — 10;
Киев облусу, Ворзель айылы — 3 (бир үй-бүлө);
Житомир облусу, Панасивка айылы — 3;
Харьков шаары — 6 (кетүүдөн баары баш тарткан);
Киев шаары — 9 (кетүүдөн бардыгы баш тарткан).
Элчилик белгилегендей, бул жактарда электр энергиясы менен телефондук байланыш өчүрүлгөндүктөн, айрымдары менен сүйлөшүү туруктуу болбой жатат. Алар гуманитардык коридор аркылуу коопсуз жайга көчүрүлөт, бул боюнча Украина тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
"Булардын көбү Украинанын жарандыгын алышкан, ошол эле учурда КРдин жарандыгынан чыгышкан эмес. Украинадагы аскердик мобилизацияга жана 18-60 жаштагы эркектердин өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынганына байланыштуу алар эски кыргыз паспортторун (ID) колдонуп башташты", — деп билдирди элчи.
Элчиликтин маалыматы боюнча, Украина менен Польшанын чек арасында качкындардын арасында эл аралык издөөдө жүргөндөр да аныкталып, бирөө полиция тарабынан кармалса, дагы бирөө Украинага өткөрүп берилген.
Элчи Кадыркулов ТИМ менен элчиликтин ишин каралоо үчүн туура эмес маалыматтарды тараткан жарандар да бар экенин белгиледи.
Ал элчилик милдетин толугу менен күнү-түнү аткарып жатканын, кызматкерлер жарандарга юридикалык, маалыматтык-консультативдик жана башка жардамдарды берип жатканын кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жапаров: Россия менен Украина ортосундагы жаңжалда калыс болушубуз керек