Өлкө экономикасы үчүн антикризистик чаралардын жыйындысы иштелип чыкты

Экономика министрлиги бизнести колдоо чараларын иштеп чыгып, акча-кредит саясаты боюнча Улуттук банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Экономиканын өсүү темпин кармоо боюнча антикризистик чаралардын жыйындысы иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинде кеңешме өткөргөн.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинде кеңешме өткөргөн

2 / 2

Министр Данияр Амангелдиев белгилегендей, антикризистик чаралардын жыйындысы экономиканын реалдуу секторун колдоо максатында бизнес-ассоциацияларга сунушталды

Министр Данияр Амангелдиев белгилегендей, антикризистик чаралардын жыйындысы экономиканын реалдуу секторун колдоо максатында бизнес-ассоциацияларга сунушталды. Ошондой эле Улуттук банк менен акча-кредит саясаты боюнча консультациялар жүргүзүлдү.
"Ата мекендик товар өндүрүүчүлөр үчүн тобокелдиктерди азайтуу максатында кредиттик портфелдин бир бөлүгүн конвертациялоо пландалып жатат. Товарлардын негизги түрлөрү боюнча тартыштыкты жоюу максатында өлкөнүн ички рыногун товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоого багытталган кыска мөөнөттүү чаралар иштелип чыккан", — деп жазылган маалыматта.
Планда ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө альтернативдик жеткирүү жолдорун табууда өнөктөш өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө колдоо көрсөтүүгө, кырдаалды турукташтырууга багытталган бюджеттик жана финансылык чаралар камтылган.
Жапаров жакынкы айларда бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын жана айрым социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн жогорулатуу күтүлүп жатканын, бул бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү талап кыларын белгилеген.
Ал антикризистик чараларды талдоо жана иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү, экономикадагы өзгөчө абал режими жөнүндө мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгууну, ошондой эле жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин караган "алтын паспорт" тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырган.
Кыргызстанда ОСАГО боюнча төлөмдөрдүн суммасы бекитилди
Улуттук банк Visa, Mastercard тобокелчилигинен улам "Элкарт" алууну сунуштады