Регламент боюнча шайланып келген депутаттын ар бирине Ак үйдүн ичинен кабинет берилет. Ушул жерде мөөнөтү бүткөнгө чейин ишмердүүлүгүн жүргүзүп, келген-кеткендерди кабыл алат.
Фракция лидерлери 7-кабаттан жакшы жасалгаланган кенен кабинеттер менен камсыздалганы белгилүү болду. Буга "Ыйман нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековго, "Ынтымактын" лидери Марлен Маматалиевге, "Бүтүн Кыргызстандын" жетекчиси Адахан Мадумаровго жана "Ишенимдин" башчысы Улугбек Ормоновго кирип чыкканда ынандык. Кабинеттин ичинде өзүнчө эс алуу бөлмөсү, душ, ажаткана да бар. Ушундай эле эң үстүңкү кабаттагы кенен кабинеттерде бир мандаттуу округдардан келген Элмурза Сатыбалдиев менен Акылбек Түмөнбаев дагы отурат. Алар ичин өз акчасына оңдоп-түзөп, жасап алышканын айтышты.
Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асылбек Жээнбековдун 3-кабаттагы иш бөлмөсүн Бакыт Сыдыков алган. Экс-спикер эки кабинетти бириктирип алганы маалым. Сыдыков жаңы отурган бөлмөсүнө евроремонт жасап, кресло, эмеректеринен бери алмаштырган. Муну Ак үйдөгү эң кооз кабинет деп атаса да болчудай. Маалымат булактары депутат маңдайындагы кабинетти дагы алып, анын ичин ашкана кылып жатканын айтышты. Биз барганда ал жерде усталар иштеп жатыптыр, жардамчысы киргизбей эшигин тосуп туруп алды.
Ошол эле учурда чакан, жупуну кабинеттерде иштеп жаткандар деле бар. Алардын катарын Эрулан Көкүлов, Лейла Лурова, Сеид Атамбаев, Жеңишбек Токторбаев, Айбек Осмонов толуктайт.
Тема боюнча: