Ишембиге карата аба ырайы

12-мартта республиканын аймагында аба ырайы өзгөрүлүп турат, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Ишембиде күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +8…+13, Таласта +7…+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +12…+17, Ысык-Көл чөлкөмүндө +7…+12, Нарын өрөөнүндө +2…+7 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +10…+12 жана Ош калаасында +13…+15 градусту көрсөтөт.
Макал билесизби? Кезектеги тест
Күн сууктайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты